БИШКЕК. Борбор Азиядагы Америка университетинин кам көрүүчүлөр кеңеши окуу жайдын президенти Дэвид Хьювайлер менен провосту Камила Шаршекееваны 15-февралдан тарта узак мөөнөттүү чыгармачылык эс алууга жөнөттү. Мындай чечим кеңештин 11-февралдан 13-февралга чейин созулган жыйынында кабыл алынды. Кеңеш дагы бир чечими менен президенттин милдетин аткарууну Жон Драйерге тапшырды. Ал буга чейин университеттин «Бизнести башкаруу» багытынын жетекчиси жана «Коммьюнити Стейт Банктын» аткаруучу директору болуп иштеген. Ошол эле учурда университеттин президенттигине татыктуу адам тандала баштады. Ылайыктуу адам чыкса ал дароо же ушул жылдын 1-июлунда ишке киришиши ыктымал. Ал эми провостук орун бош болот жана ал орунду ээлөөчүлөр азырынча тандалбайт. Америка университетинин жетекчилеринин кызматтан бошотулушуна жогоруда ысымдары айтылып өткөн эки жетекчинин пикир табыша албай калгандыгы себеп болду. Мындай маалыматты бүгүн аталган окуу жайы таратты.