Грекиянын жаңы тышкы иштер министри Тассос Яннитцис Кипр маселесин чечүү боюнча БУУнун сүрөөнчүлүгү астында жетишилген долбоор ийгиликтүү болот деген үмүтүн билдирди.
“Кипр талашын жөнгө салуу үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деп комментариялады бүгүн министр.
Кипр 1974-жылы түрк аскерлери аралдын түндүгүнө басып киргенден бери экиге бөлүнүп калган.
Өткөн аптада аралдын түрк жана грек бөлүктөрүнүн лидерлери БУУнун планына ылайык, сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашышты. Ал план боюнча Кипр 1-майга чейин, башкача айтканда, аралдын Евросоюзга расмий түрдө кошулуусуна чейин кайра биригүүгө тийиш.