Интерфакс маалымат агенттиги Леонид Невзлинге шилтеме берип тараткан кабарга караганда, ал өзү жана башка негизги акционерлер мындай сунуш менен орус өкмөтүнө бир аптадай мурун кайрылышкан. Невзлиндин айтымында, өкмөт тараптан азырынча жооп боло элек.
Ходорковский салык документтерин бурмалады деген айып менен 25-октябрдан бери абакта отурат. Анын иши айрымдар тарабынан Кремлдин заказы катары сыпатталып келатат.
Расмий Москва болсо Ходорковскийдин ишинде саясий мотив жок деп ырастоодо.