Ооганстандагы америкалык армиянын басма сөз өкүлү Брайн Хилфертинин маалыматына ылайык, кечээки аскерий операциянын натыйжасында 40ка жакын киши, алардын ичинде талиптердин кээ бир жетекчилери кармалды:
- Кыркка жакын киши көзөмөлгө алынды. Алардын экөө, биз азыр аныктагандай, талиптердин ортоңку деңгээлдеги жетекчилери болушу ыктымал. Калгандарды текшерүү улантылып жатат. Алар катардагы кишилер болуп чыкса, коё берилишет.
Хилфертинин ырастоосунда, талиптер менен “ал-каидачыларды” табуу максаты менен Хелмад вилайетинде өткөрүлгөн рейд учурунда ошондой эле граната, мина жана башка курал-жарак табылган.
Колго түшүрүлгөн талиптердин аттары аталган жок.
Ушу тапта америкалык 11 жарым миңдей аскер Ооганстандын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында согушкерлерди издөө менен алек.