Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Москва: Аквапарктын чатыры астында калган 13 адам табыла элек


Россиялык куткаруучулар Москва аквапаркынын кыйрандылары астында калган адамдар тирүү табыларынан үмүт үзүштү.
Ишемби күнү кечинде аквапарктын 5 000 чарчы метр айнек жана тунике чатыры кулап, бассейнге түшүп жаткан 100 чакты адамды басып калган болчу.
Бийликтердин маалымдашынча, кырсыктан 25 адам набыт болду, кеминде 13 адамдын дареги белгисиз.
Тергөөчүлөр курулуштун сапатсыз бүткөрүлүшү чатырдын кулап калуусуна себеп болгонун боолгошууда.
Аквапаркта сууга түшүп жүрүп жарадар болгон 68 адам ооруканада дарыланууда. Беш адамдын абалы оор.

XS
SM
MD
LG