Кечээ, дүйшөмбү күнү Ирандын президенти Мохаммад Хатами өлкө жарандарын жума күнү болчу парламенттик шайлоого катышууга чакырды:
- Эгер бул шайлоо Иран ислам революциясынын алгачкы жылдарында өтсө, революциячыл өлкө үчүн ылайыктуу болмок. Бирок, революциядан 25 жылдан кийин дүйнөдө жана региондо көп нерселер өзгөрдү. Ирандагы реформадан 7 жылдан кийин азыркы шайлоо биздин өлкө үчүн адаттан тыш көрүнөт. Себеби, элдин аң-сезими жана муун алмашты. Иран элинин 34 проценттен көбү отуз жашка чейинки куракта, теңинен көбү 20 жашка толо элек жана алар адам укугу, демократия жана дүйнөдөгү кырдаал тууралуу жакшы кабардар.
Хатаминин айтымында, адамдар өздөрү каалаган талапкерлерге добуш бере алышпаганы менен, аларда каалабаган адамдарын шайлабай койуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, алар шайлоого катышпай коюшса, “бийликке азчылык колдогон талапкерлер келет”, - деп эскертти Хатами.
Консервативдүү Көзөмөл кеңеши 2,5 миңдей реформачыл маанайдагы талапкерди шайлоого катыштырбай койгондуктан, айрым партиялар 20-февралдагы шайлоого бойкот жарыялашкан эле.