Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Өкмөт башчынын депутаттарга отчету


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттардын өтүнүч-сунуштарынын аткарылышы боюнча маалымат берди. Өкмөт башчы адегенде өлкөнүн өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, андан соң депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутаттар негизинен электр энергиясынын өчүрүлүшү, кылмыштуулуктун өсүшү, кадр саясаты, социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө суроолорду беришти. Депутат Адахан Мадумаров электр энергиясы айылдарда такай, акыркы кезде Бишкекте кайсы мыйзамдын негизинде өчүрүлүп жатканын сураганда Н.Танаев жалпы өчүрүүгө буйрук берилбегенин билдирди. Өкмөт башчынын депутаттар алдындагы отчету бейшемби күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG