Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Парламент Борбор Азиядагы суу-энергетика маселесин талкуулоого киришти


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитетинде Шардарыя суу сактагычында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери 4-январда Чымкентте, 11-февралда Бишкекте кол койгон протоколдору талкууга алынды. Депутаттарга бул маселе боюнча вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов маалымат берип, кыргыз тарап Шардарыя суу сактагычын сактап калуу үчүн 4 миллион доллар чыгымга учураса да, Казакстандын өтүнүчүн аткарууга барганын билдирди. Депутаттар өз кезегинде жай мезгилинде коңшу мамлекеттер суу жана электр энергиясын сатып алса, азыркыдай кырдаал түзүлбөйт эле дешти. Талкуунун жыйынтыгында маселени жума күнү палатанын кароосуна алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG