БИШКЕК.Өзбекстан президенти Ислам Каримов Сырдарыя алабында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге атайын кат жолдоду. Мындай маалыматты бүгүн АКИпресс агенттиги Орусиянын РИА «Новости» агенттиги тараткан маалыматка таянып жарыя кылды. Ал кабарга караганда, катта Токтогул суу сактагычынан чыккан суу Өзбекстан үчүн дайыма коркунуч жаратып келгени жана Кыргызстан Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга электр энергиясын сатууга макулдашкандыгы баса белгиленген. Кыргызстандын мындай аракети айрыкча жаз айларында Сырдарыя боюндагы мамлекеттерге зыян алып келээри анык болгондон кийин бул маселе талкууну талап кылат жана аймактагы бардык мамлекеттерди бирдиктүү бир чечим кабыл алууга милдеттендирет, деп жазылган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармасынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, азыр кат Ислам Каримов тарабынан чын эле жөнөтүлгөнү же жөнөтүлбөгөндүгү иликтенүүдө.