Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү жүрдү


БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат алтыларда Бишкек-Ош жолунун 224-220- чакырымында кар көчкү жүрдү. Андан төрт киши набыт болуп, он автоунаа көчкү алдында калды. Кар көчкүдө калгандардын бирөө Токтогул райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, алтоо ооруканага жаткырылды. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик борборунан алынган маалыматка караганда, кар көчкүнү тазалоого 51 адам тартылып, алар ошол жерде иш жүргүзүүдө.Түшкөн көчкүнүн узундугу 100 метр, туурасы 12 метр, ал эми бийиктиги 3 метр. Талас облусунун Жергетал жана Калба айылдарын суу каптоо тууралуу да маалымат алынды. Кыйроолор жана жабыркагандар жөнүндө так кабар жок.

XS
SM
MD
LG