Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЛМЫШЫ ҮЧҮН ӨЗБЕКСТАНДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА КЕСИЛДИ


Дүйшөмбүдө Өзбекстандын жогорку сотунун өкүмү менен Азизбек Каримов кошуна Кыргызстанда жасаган кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды. Айрым жергиликтүү укук коргоочулар эмне себептен Каримов Кыргызстанда эмес Өзбекстанда соттолду деген маселени көтөрүшүүдө.

25 жаштагы Азизбек Каримов террорчулук, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө доо келтирүүгө аракет жасагандыгы үчүн айыпталды. Ал Кыргызстандын Ош шаарындагы банктарынын биринде былтыр май айында болгон жардыруунун уюштуруучусу деп табылды.

Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Олым Осаров Ройтер кабар агенттигине телефон аркылуу берген маалыматына ылайык, А.Каримов Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөсү болчу. “1997-жылдын майынан августуна чейин ал эларалык террорчу деп саналган Хаттабдын жетекчилиги астында Чеченстандагы лагерлердин биринде машыккан”, - деп кошумчалады Осаров.

Ал эми “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысына Осаров сот ачык болгонун белгилөө менен катар А. Каримовдун өзү жөнүндө гана кыска маалымат берип чектелди. Анын ырастоосунда, 1999-жылдан бери эларалык издөөдө жүргөн А.Каримов былтыр майда кармалган.

Айрым жергиликтүү укук коргоочулар кошуна мамлекетте жасалган кылмыштар үчүн Өзбекстанда жоопко тартуунун жүйөөсү канчалык деген маселени көтөрүшүүдө.
“Энелер кыйноолорго жана өлүм жазасына каршы” уюмунун жетекчиси Тамара Чекунованын ою ошондой:

- Азизбек Каримов Кыргызстанда кылмыш жасаптыр, бирок аны Өзбекстанда соттошту. Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Негизинен, кылмыш кайда жасалса, кылмышкер ошол жерде, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык соттолууга тийиш.

“Өзбекстандын демократиялык демилгеси” аттуу укук коргоочу уюмдун төрагасы Искендер Худайбергенов дагы ушундай эле ойдо. “Себеби, - дейт Худайбергенов, - жабырлангандар да, күбөлөр да Кыргызстанда. Мындан улам А.Каримовдун Өзбекстанда жоопко тартылышы түшүнүксүз”.

Башка бир укук коргоочу Сурат Икрамов Борбор Азияда мындай көрүнүш жалпы тенденцияга айланып баратканын белгилейт:

- Борбор Азияда терс бир тенденцияны байкаса болот. Тактап айтканда, Өзбек бийликтери өзүнүн диний экстремизм менен күрөшүндө Борбор Азиянын башка жумурияттарындагы экстремисттерди да Өзбекстанга коркунуч келтирип жатат деген шылтоо менен жоопко тартып жатат. Бул - мыйзамсыз иш аракет.

Баса, Өзбекстандын жогорку сотунун өкүлү “Эмне үчүн А.Каримов Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда соттолду?” деген суроого жооп бере алган жок.

Борбор Азия жумурияттарынын арасында Өзбекстан менен Тажикстанда гана өлүм жазасы кала берүүдө. Калгандарында болсо жазанын бул түрү же жоюлган же ага мораторий жарыяланган.
Расмий Ташкен өлүм жазасы кантип ишке ашырылаарын эларалык коомчулукка ачыктоодон баш тартып келатат.

Эмне себептен өзбек бийликтери эң жогорку жазаны алып салууга барбай жатат? Укук коргоочу Худайбергенов “Бийликтин саясий оппоненттери менен күрөшүндө өлүм жазасынын кереги тийип калышы мүмкүн”, - деген пикирде:

- Өлүм жазасы көбүнчө өкмөт кызматкерлерине керек. Анткени алардын саясий каршылаштарын биротоло жок кылууга жол ачат. Ошон үчүн мамлекеттик төбөлдөр аны жоюуга кескин каршы. Эларалык уюмдардын кысымы астында кээ бир өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок Өзбекстан өлүм жазасынан таптакыр баш тартыш керек.

Былтыр жыл аягында Өзбекстандын парламенти Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү үчүн добуш берген. Мурда геноцид, агрессия, терроризм жана өзгөчө оор кырдаалда киши өлтүрүү өңдүү кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу каралган болсо, эми геноцид менен агрессия жөнүндөгү беренелер эң жогорку жаза тизмесинен алынып салмакчы.

XS
SM
MD
LG