Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Берлинде Алмания, Франция жана Британиянын жетекчилери жолукту


Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер, Франциянын президенти Жак Ширак жана Улуу Британянын премьер-министри Тони Блэр кечээ күнү Берлин шаарында жолугуп, Европа Биримдигиндеги экономикалык абалды жакшыртуу чараларын талкуулады. Блэрдин айтымында, Европа азыр реформага муктаж: "Европа элдери жумушсуздуктан, коопсуздуктан, глобализациянын кесепеттеринен жапа чегип жатканын биз билебиз, ошондуктан талкуу - биздин үч мамлекет гана эмес, бүткүл Европадагы абалды жакшыртуу тууралуу болду. Өзгөргөн дүйнөдө жашаган элге жаңы өзгөрүүлөр керек". Шрөдердин айтымында, Европада эч бир жалгыз өлкө же өлкөлөр тобу үстөмдүк кылбаш керек.

XS
SM
MD
LG