Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Газа тилкесиндеги жөөт айылдарын Израил көчүрүп кетет


Бириккен Улуттар Израилдин премьер-министри Ариел Шарондун жаңы чечимин кубаттоо менен кабыл алды. Шарон кечээ күнү Газа тилкесиндеги 21 жөөт айылынын он жетисин көчүрүп кетүүнү сунуштаган. Палестинанын премьер-министри Ахмед Кореи кечээ күнү Брюссел шаарында Европа парламентинде чыгып сүйлөп, Жакынкы Чыгышка эл аралык аскерлер киргизилсе жакшы болор эле деп билдирди. Кореи бирок басылып алынган араб жерлеринде Израил дубал тургузуп жатканын сынга алды: "Алар коопсуздук тосмосу деп атаган дубал тургузулуп жатканын баарыңар билесиңер. Бирок ал коопсуздук максатында тургузулган жок. Эгер ал коопсуздук үчүн болсо, эмне үчүн Израил аны өз аймагында курбайт? Биз ага каршы чыкпайт болчубуз, анткени өз аймагында эмне курам десе Израилдин өз эрки болмок". Бириккен Улуттар Израилге кайрылып, аны Жакынкы Чыгыштагы абалды Палестина жетекчилиги менен биргелешип жөнгө салууга чакырды. Бүгүн Шарон америкалык өкүлдөр менен жолугат.

XS
SM
MD
LG