Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Түркмөнбашы 64 жашка чыкты


АШХАБАД. Түркмөнстан бүгүн президент Сапармурад Ниязовдун туулган күнүн жана мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүн белгиледи. Бүгүнкү күн Түркмөнстанда жалпы элдик майрам деп жарыяланды. Ашхабаддагы Олимпиадалык стадионго 30 миң адам чогулуп, Сарамурад Ниязовду куттуктаган ыр ырдалды. Дүйнө элин өз мамлекети менен жакшылап тааныштыруу максатында Түркмөнбашы жаңы спутникалык телекөрсөтүүсүн ишке киргизүүнү убада кылууда:
– Сиздер Түркмөнстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын – экономикалык өсүштөрдү, коомдогу өзгөрүүлөрдү билбейсиздер. Биз кызыктуу учурда жашап жатабыз. Сиздер Ашхабаддын кандай гүлдөгөнүн, көчөлөрдүн, имараттардын, айкелдердин өзгөргөнүн жана келечекке деп курулуп жаткан чоң көлдү, завод, фабрикаларды билбейсиздер.

Дүйнө коомчулугу Түркөнстандагы адам укуктарынын абалы өтө эле аянычтуу экенин айтып келишүүдө.

XS
SM
MD
LG