Ош-Бишкек канжолун көчкү басып, кишилер набыт болуп, жаракат алгандар Токтогулдагы ооруканага жаткырылганын, ушу тапта куткаруу иштери улантылып, Оштон келген аскерлер опуртал жерлердин карын көчүрүп, жол тазаланып атканын апта соңундагы гезиттердин баары жазды.
"Кочкорлук дарыгерлердин борбордон келген кадырлуу меймандарды күтүүгө кеткен чыгымды бюджеттен айлык алып отургандардын мойнуна жүктөө жосунун токтотуу чакырыгы азыркы бийликтин көмүскө сакталчу сырын ачыкка чыгарды", деп белгилейт бейшембидеги “МСН” гезитинде Замир Өсөров.
Президент А.Акаев парламент депутаттары менен Кочкорго келишин утурлап жергиликтүү бийлик дарыгерлердин айлык акысынын эсебинен 20 миң сом чогулткан. Дарыгерлердин айтымында, кадырлуу коноктор жер кыдырганы үчүн командировка акысын алышат, айлык акысы жетиштүү. "5–10 кишини жакшылап тосуп алып, сый көрсөтүш үчүн 20 миң сом өтөле көп" деп эсептешет алар.
Парламент депутаты Курманбек Бакиев ушул эле гезитте жарыяланган маегинде элдин бийликке ишеними жоголуп баратканы тууралуу кеп кылат. Анын ою боюнча, Кыргызстанда Конституция негизинен саясий кызыкчылыктардан улам тез-тез өзгөрүлүп турат. Мындай аракет зыяндан башка эч нерсе алып келбейт.
Парламент депутаты Ишенбай Кадырбековдун өкмөттүн “Кумтөр” алтын кени боюнча инвестициялык келишимин сынга алган пикири туура эместигин “Кыргызалтын” акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов жазып чыкты. К.Кудайбергеновдун айтуусунда, 1992-жылдагы башкы келишим туура эле түзүлгөн. Бирок да өкмөттүн нака киреше эсебинен бөлүнчү дивиденддерден алынчу пайдага үмүт артып алышы өзүн актаган жок. Алтындын дүйнөлүк баасы түшүп, ишкана ушу азырга чейин алынган кредитти толук кайтара элек. “Алтын чатагы” дайыма кайсы бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы ойгонгон чакта чыга келет" деп белгилейт макала автору.
Борбор Азия республикалары өз кызыкчылыгын баарынан жогору коюшунун айынан чөлкөм экологиялык коркунучка кабылууда, деп жазат бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде А. Солтоева. Сырдарыя боюндагы өлкөлөрдүн суу проблемасын мурда Москва чечип келген. Эгемендикке жетишкени республикалар ортосундагы байланыштар дал-далынан кетип, анын салакасын дагыле болсо карапайым калк көрүүдө. Токтогул суу сактагычы 19 миллиард кубометр сууга эсептелген. Дарыянын төмөнкү агымындагы суу сактагычтар ушу азыр мелт-калт толуп турат. Нугунан ашкан суу Казакстандын Кызылордо облусунун бир кыйла жерин басты. Өзбекстан алдын-алуу иштерин жүргүзүүдө. Алдыда жазгы жаан-чачындан улам нугунан ашып кетчү коркунуч турат.
Жума күнкү “Аалам” гезитинде жарыяланчу материалдар тууралуу басылманын башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып берет:
- Парламенттеги соңку жаңылыктар тууралуу материал “Депутаттар көчкүнү эмес, И.Токоевдин туулган күнүн эстешти” деген аталышта макала басууга даярдалып жатат. Кочкорлук дарыгерлер Акүйгө кайрылышкан. Ага байланыштуу “Кочкорлук врачтардын акчасын ким жеди?” деген материалыбыз жарыяланат. Мындан тышкары мамлекеттик тил мыйзамына каршы болгондор тууралуу, ошондой эле коомдук-саясий турмушубуздагы орчундуу окуяларды чагылдырган материалдар басылууда.
“Кыргыз руху” гезити кандай темаларды козгоп жатканын басылманын редактору Элнура Кулуевадан уксак:
- Гезитибиздин жаңы санында “Эки публистчи чабышса ортосунан өрт чыгат” деген макала жарыяланууда. Анда Өзүбек ажы менен Кален Сыдыкованын талашы козголуп, ага карата каяша пикир билдирилген. Журналист Калил Жамгырчиевдин макаласы азыркы өкмөттүн ички жана тышкы саясатын талдоого арналган. Тележурналист Бөкөнбай Боркеевдин “Айтикееванын айынан кесиптештеримен айрылдым” деген макаласы жарыяланууда. Жакында президент А.Акаев Кочкорго барып келбедиби. Аны тосуп алууга райондук дарыгерлерден акча чогултушкандыктары тууралуу макала гезиттин жаңы санынан жарык көрмөкчү.
Эмки кеп кезеги “Бишкек таймс” гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдо:
- 23-февраль–Мекен коргоочулардын күнүнө карата биздин аскерлердин азыркы абалы тууралуу парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин маеги жарык көрүүдө. Гезит кыйладан бери жарыялап келаткан саясий рейтингинин жыйынтыгы берилүүдө. Анан бул сандагы эң кызык, мазмундуу макала -Салижан Жигитовдун Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келиши тууралуу иликтөөсү жарыяланууда. Макала көлөмдүү экен, ага карабастан аны эки бетке толугу менен жарыяласакпы деп турабыз.