Израилдин премьер-министри Ариел Шарон кечээ күнү Тел-Авивде америкалык өкүлдөр менен жолугуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча көрүлө турган чараларды талкуулады. Анын айтымында, арабдар террор аракеттерин токтотпосо, Израил өз алдынча иш жүргүзүүгө аргасыз болот. Палестина өкүлү Саеб Эрекаттын айтымында, Израил маселени башкалар менен талкуулайт, бирок арабдар менен сүйлөшүүдөн качат: "Шарон маселени өзүнүн коалициясы менен талкуулайт, анан аны америкалыктар менен талкуулап, чечип алгандан кийин гана бизге кайрылып, силер баланчаны жасаш керексиңер деген талап коет. Мындай болбойт. Мындай такыр болбош керек". Шарондун айтымында, Газа тилкесинде курулган 21 жөөт айылынын он жетиси көчүрүлүп кетет.