Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Июндун аягына чейин Иракта шайлоо болбойт

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, 30-июнга чейин Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Аннандын атайын өкүлү Лахдар Брахими Иракка келип, өлкөдөгү абал менен жеринен таанышып кеткен жана анын айтымында, ирактыктар Бириккен Улуттарга ишенет: "Абал бир кыйла татаал. Ирактыктар Бириккен Улуттар Уюмуна абдан ишенет жана биздин уюм аларга жардам көрсөтүүгө бардык чараларды көрөт". 30-июнда америкалыктар Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө тийиш, бирок америкалык башкаруучу Пол Бремердин айтымында, 30-июндан кийин дагы америкалык аскерлер Иракта калып, жаңы өкмөткө жардамдашат.
​
XS
SM
MD
LG