ВИЛЬНЮС. Литванын Сейми президент Роландас Паксаска импичмент жарыялоо процедурасын баштоону чечти. Парламенттин төрагасы Артурас Палаускастын айтымында, добуш берүү мартта же апрелдин башында болушу ыктымал. Бейшемби күнү парламент атайын түзүлгөн комиссиянын баяндамасын укту. Комиссия президент Паксасты Конституция менен эл алдында берген антын бузган деп айыптап чыкты. Литванын президенти кылмыштуу чет элдик топтор менен байланышы бар деп айыпталып келатат.
Литванын Сейми президент Роландас Паксаска импичмент жарыялоо процедурасын баштоону чечти