Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Россиянын борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин арыздарын канааттандырган жок


МОСКВА. Россиянын борбордук шайлоо комиссиясы президенттике талапкерлер Ирина Хакамада менен Николай Харитоновдун арыздарын канааттандырган жок. Харитонов менен Хакамада президент Владимир Путиндин сөзүнүн 12-февралда "Россия" телеканалы боюнча түз берилгенин мыйзам бузуу деп эсептешет. Анткени бул берүүнүн акысы Путиндин шайлоо фондунун эсебинен төлөнгөн эмес. Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясы берүү шайлоо өнөктүгүнүн алкагындагы үгүт ишине кирбейт, ошондуктан телеканалдын берүүсү талапкерлердин бирөөнө жан тартуу катары сыпатталбаш керек деген пикириде.

XS
SM
MD
LG