Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Германия Ооганстанга атайын аскердик күчтөрүн жиберет


ПРАГА. Германия Ооганстанга атайын күчтөрүн жиберет. Бул жөнүндө бүгүн Прагада кыска иш визит менен болгон немец коргоо министри Петер Штрук билдирди. Германия буга чейин НАТО баштаган эл аралык бейпилдик күчтөрдүн алкагында Ооганстанга бир жарым миң аскерин жиберген.
Петер Штрук учурда Ооганстанда иштеп жаткан немец жарым аскердик бөлүктөрдүн өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүүдө аткарып жаткан иштерине жогору баа берип мындай деди:
- Кундузда иштеп жаткан 250 кишиден турган топ Ооган өкмөтү жана жергиликтүү бийликтер менен ырааттуу түрдө иш жүргүзүүдө. Менин ойумча, алар иштеп жаткан төрт провинцияда ахвал тынч,- деди.
Азыр Чехиянын парламенти Ооганстанга 120 солдаттан турган атайын даярдыгы бар аскердик бөлүктү жиберүү маселесин талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG