Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Казакстан Сырдарыяда суу сактагыч курарын билдирди


AЛМАТЫ. Эгерде Кыргызстан жана Өзбекстан менен мунасалуу пикир жетишилбесе Казакстан Сырдарыяда суу сактагыч курат. Бул жөнүндө бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Өзбек жана Кыргыз жетекчилери менен Алматыда өткөн жолугушуудан кийин билдирди. Эки жумадан бери Казакстандын түштүк аймактарын каптаган суудан жүздөгөн үйлөр кыйрап, 2000 киши эвакуацияланды. Топон сууга Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынан чыгарылган суунун көлөмүнүн көбөйтүлгөнү себеп болгон. Андай чарага респубика өзүнүн электр энергияга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн барган. Нарын дарыясынан башат алган Сырдарыянын суусун жана электр энергиясын бөлүштүрүү маселеси анын алабындагы республикаларда кызуу талкууларды жаратып келатат.

XS
SM
MD
LG