Латвия президенти Вайра Вике-Фрайберга кечээ күнү премьер-министрлик кызматка 52 жаштагы Индулис Эмсисти көрсөттү. Өкмөт парламенттеги көпчүлүктөн айрылгандан кийин, мурдагы премьер Эйнарс Репсе февралдын башында кызматынан чегинген. Эмсис жашылдар партиясынын өкүлү жана мурда экология министри болуп иштеген.