Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Ирактагы америкалык жетекчилик бир топ кыйынчылыкка дуушар болууда


АКШ жетекчилигинин айтымында, азыр Ирактын жаңы убактылуу өкмөтүн кандай жол менен тандоо керек экени каралууда. Мурда Вашингтон ар бир провинцияда жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүн ошол жыйындарда аныктоону сунуш кылып келген. Кечээ күнү Принстон университетинде сүйлөгөн мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Иракта демократия орнотуу бир топ кыйын болууда: "Кандай болсо дагы, демократиядан эч тажрыйбасы жок жерде демократия орнотуу татаал жана оор маселе, бирок элчи Бремер Ирактын Башкаруу кеңеши, Бириккен Улуттар жана биздин тилектештер менен тыкыз кызматташып, ийгиликке жетет". Бийлик ирактыктарга 1-июлга чейин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG