20-февралда Иранда парламенттик шайлоо өткөрүлдү, бирок эки миң 400 талапкер шайлоодон алдын ала четтетилген. Добуш бергендердин санын көбөйтүш үчүн бийлик шайлоо түйүндөрүн түнгө чейик ачык кармады. Президент Мохаммад Хатаминин айтымында, шайлоого канчалык көп адам катышса, ошончолук күтүүсүз жыйынтык чыгышы мүмкүн: "Элдин шайлоого катышканы өтө маанилүү. Алдын ала болжолдоолор жана пропагандага карабастан, эл шайлоого кеңири катышса, шайлоо жыйынтыктары күтүүсүз болуп да чыгышы мүмкүн". Кээ бир оппозициялык уюмдар жана саясатчылар шайлоону бойкоттоого чакырган жана аятолла Али Хаменейи андайларды эл душманы деп атады.