Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

22-февралда митинг болоор, болбосу белгисиз


БИШКЕК. 22-февралда Бишкекте митинг өткөрүү үчүн уруксат сурап буга чейин эч ким кайрылган жок. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук администрациясынан кабарлашты. Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн кабарлоосуна караганда, буга чейин 22-февралда митингге чыгууга үндөгөн баракчалар ким тарабынан, канчалык өлчөмдө таратылгандыгы аныкталган жок. Соңку аптанын ичинде Бишкектин көпчүлүк кичи райондорунан орус тилдүү атуулдарды «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү жаңы кабыл алынган мыйзамга каршы Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 22-февралда пикетке чыгууну үндөгөн баракчалар табылган.

XS
SM
MD
LG