БИШКЕК. АКШнын чакыруусу менен Кыргызстандык алты саясатчы 28-февралдан 14-мартка чейин АКШда болушат. Мындай иш чара «АКШнын саясий партиялар» аттуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Чакыруу алган саясатчылардын арасында Экономикалык өнүктүрүү министри Амангелди Муралиев, «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиев бар. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кабарлоосуна караганда, кыргызстандык саясатчылар Кошмо Штаттардын партиялык системасы жана АКШда күзүндө өткөрүлө турган президенттик шайлоого карата даярдыктар менен таанышып, президенттикке талапкерлердин курч дебаттарына катышаары болжолдонууда.