Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Кант авибазасы «Санкт-Петербург» деп аталабы?


БИШКЕК. Кант аба майданына «Санкт-Петербург» деген ат ыйгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Канттагы жолугушууда кечээ Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко менен авиабазанын командачысы Андрей Самоцвет билдиришти. Алардын айтымында, мындай кайрылуу Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановго жиберилет. Кант аба майданын шефке алган Санкт-Петербург шаарынын атынан базага губернатор турмуш-тиричиликке пайдаланылчу техника алып келди. Губернатор жолугушуу учурунда Кант авиабазасындагы аскер кызматчыларынын шарты «Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» авиабазасынын аскер кызматчыларынын шартынан кем болбой турганын белгиледи. Кант аба-аскерий базасы өткөн жылдын 22-октябрында Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргыз президенти Аскар Акаевдин катышуусунда ачылган. Мындай макулдашууга тараптар Москвада сентябрда кол коюшкан.

 

XS
SM
MD
LG