Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстанда эне тилдин Эл аралык күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан аймагында эне тилинин Эл аралык күнү белгиленди. Бул күн ЮНЕСКО уюму тарабынан беш жыл мурун жарыяланган. Буга байланыштуу бир күн мурун Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университеттин базасында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун катышуусунда мамлекеттик тил борбору ачылды. Ал эми кыргыз тилин коргоо кыймылы тилди коргоо боюнча бир апта мурун жарыялаган жумалыгын бүгүн дагы кырк күнгө узартты. Кыргыз тил кыймылы бул аралыкта жер-жерлерде марафон өткөрүүнү көздөп жатат. Кыймылдын төрагасы Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, азыр анын 27 миңден ашык мүчөсү бар. Статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстанда 120дан ашык улуттук өкүлдөрүн байланыштыруучу негизги тил - орус тили. Ага расмий тил макамы мындан төрт жыл мурун берилген. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамды болсо Жогорку Кеңеш өткөн аптада кабыл алды. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кириши керек. Ал эми коомчулук арасында «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына байланышкан талаш уланууда. Эне тилди коргоо күнү Жалалабад облусунун бир катар шаар, райондорунда да белгиленди.

XS
SM
MD
LG