Отуз бир өлкөдөн келген экологиялык партиялардын өкүлдөрү эки күндүк конференцияда өздөрүнүн бирдиктүү альянсын түзүүгө аракет кылышат. Мындан тышкары Европарламентке быйыл июнда боло турган шайлоого байланыштуу саясий платформасын аныкташат. “Жашылдардын” мындай жыйыны биринчи ирет өтүп жатат. Ага Германиянын тышкы иштер министри, немец “жашылдар” партиясынын лидери Йошка Фишер катышканы жатат.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эсенбай НУРУШЕВ, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эсенбай НУРУШЕВ, Прага