Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Кофи Аннан бүгүн Японияга келди


Беш күндүк визити учурунда ООНдун жетекчиси япон өкмөтүнүн премьер-министри Дзюинитиро Коудзими менен эл аралык бир катар маселелерди, анын ичинде Ирактагы кырдаалды талкуулайт. Токио мунун алдында эле Иракка аскер контингентин жөнөткөн эле. Жүз элүүгө жакын контингентке полковник Коичиро Баншо башчылык кылат. Миссиянын жоопкерчилиги жогору экенин моюнга алып, полковник япон аскерлери өздөрүнө тагылган милдеттин өтөсүнө чыгарына, өлкөнү жер каратпай тургандыгына ишендирди. Япон өкмөтү өлкөдө террордук акциялар жасалышы мүмкүн деп чочулап, бүгүнтөн тарта коопсуздук чараларын күчөткөнгө көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG