Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү Саддам Хусейн менен жолугушту


Уюмдун өкүлү Антонелла Нотари ырастагандай, делегация Саддам Хусейнге күзөтчүлөрдүн көзүнчө эмес, жекече шартта жолугушту, абакта жаткан адамдын Саддам экенине ынанышты. Делегация аркылуу Хусейн өзүнүн үй-бүлөсүнө кат жазып, дубайсалам жиберди. Уюмдун эрежелерине ылайык, жолугушуунун чоо-жайы, анын жыйынтыктары коомчулукка жарыя кылынбайт. Саддам кандай шарттарда кармалып жатканы тууралуу коалициялык администрацияга кабарланат. Ушул эле күнү Иракта америкалык аскерлерге кол салынды. Атышуу учурунда төрт солдат жарадар болду, алардын жергиликтүү тилмечи окко учту.

XS
SM
MD
LG