Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Иранда добуштардын санагы жүрүп жатат


Парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары эртең, жекшемби күнү белгилүү болот. Консервативдүү күчтөрдүн өкүлдөрү алгачкы натыйжаларга таянып, өздөрүнүн жеңиши жөнүндө айтып жатышат. Реформачыл партиялар шайлоого байкот жарыялашкан. Көзөмөл кеңеши алардын эки жарым миңден ашуун талапкерин кандидаттардын тизмесинен алып салган эле. Бул окуяларды комментариялап, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели иран бийликтери шайлоо алдында эл аралык нормаларга кайчы келген чараларды көргөнүн, кечээки добуш берүү иши эркин жана адилет болбогондугун белгиледи. Шайлоо алдында Иранда либералдык эки гезит, реформачыл эң ири партиянын кеңсеси жабылды.

XS
SM
MD
LG