Операция эгер Пакистандын Ооганстанга чектеш райондорунда жашаган уруулардын аксакалдары алардын аймагында жашырынып жүргөн согушкерлерди кармап берүү жөнүндөгү талаптан баш тартса жүргүзүлөт. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, уруу аксакалдарына өткөн аптада аталган талапты аткаруу боюнча берилген мөөнөт бүгүн аяктайт. Маалыматтар боюнча АКШ баштаган коалициянын жана жергиликтүү аскерлерге Ооганстандын Пакистан менен чектеш Хост , Пактика жана Пактия провинцияларында кол салып келген согушкерлердин көпчүлүгү Түштүк Вазирстан деген чөлкөмдө жашырынып жүрүүдө. Учурда аталган чөлкөмгө Пакистан армиясынын миңдеген аскерлери жайгаштырылды.