Кытайдын түндүк чыгышындагы Бэйцзянг көмүр кенинде бүгүн таң эртең газ жарылып, 8 кенчи өлдү, 29 кенчи забойдо камалып калды. Өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, забойдогу газдан жана 50 градуска жеткен ысыктан улам кенчилерди куткаруу кыйын болууда.
Түндүктөгү Хэбей провинциясында жардыргыч заттарды жасоочу заводдо да кубаттуу жардыруу болуп, беш кишинин өмүрү кыйылды. Сегиз киши дайынсыз жок.
Күндүзгү жаңылыктарды даярдаган Амирбек Азам уулу, Прага шаары