Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Москвада демонстранттар камакка алынды


23-февралда Москвада чечендер менен ингуштардын өз журтунан күчтөп сүрүлүшүнүн 60 жылдыгына арналган демонстрация өттү.
Орус полициясы демонстрацияга катышкан 12 адамды камакка алды. Алардын арасында Адам укугу кыймылынын башчысы Лев Пономарев, Россиянын радикалдык кыймылынын жетекчиси Николай Храмов бар. Н. Храмов полиция койо бергенден кийин мындай деди:

- Биз бул жайда 20 мүнөттөй турган элек. Ошондон кийин биз экөөбүздү жана демонстрациянын дагы 10 чакты катышуучусун кармап кетишти. Мен кармалып кеткен бардык адамдардын ысмын билбейм. Себеби, аларды башка милицияканага алып кетишти. Алар кимдер жана азыр кайда экенин мен билбейм.

Лубянкадагы мурдакы КГБнын имараты алдында өткөн демонстрацияга 100дөй адам катышты. 1944-жылы Борбор Азияга 360 миң чечен жана 96 миң ингуш айдалган.

XS
SM
MD
LG