Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Бээжин сүйлөшүүсүнө даярдык көрүлүүдө


Түштүк Корея шаршемби күнү Бээжинде башталчу алты жактуу сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореянын өзөктүк программасын демонтаждоо боюнча үч мөөнөттө аткарылчу планды сунуш кылат. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөрдөгү түштүк кореялык делегациянын башчысы маалымдады.
Сеулда бүгүн АКШ элчиси Жеймс Келли, япониялык жана түштүк кореялык мартабалуу өкүлдөр кездешип, сүйлөшүүдөгү өз позицияларын такташты. Жолугушуудан соң түштүк кореялык делегациянын өкүлү Пхеньяндын өзөктүк программасын демонтаждай баштоосун-өзөктүк куралсыздандыруунун алгачкы кадамы катары кароого Вашингтон макул экенин кабарлады.
Бээжиндеги сүйлөшүүгө Кытай, Түндүк Корея жана Россия да катышат. Сүйлөшүүнүн башкы максаты-Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга көндүрүү.

XS
SM
MD
LG