Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Канцлер Шрөдер Түркиянын Евробиримдикке өтүү аракетин колдоду

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер бүгүн Анкарада болгон кездешүүдө Түркиянын Евробиримдикке өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктурбай баштоо өтүнүчүн колдоду.
Герхард Шрөдер премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен кездешкенден кийин, Түркиядагы саясый реформа туура багытта баратканын билдирди.
Түркия Евробиримдикке мүчө болуп өтүү арызын 1999-жылы бергени менен, алиге талапкер бойдон калууда.
Биримдиктин лидерлери декабрда болчу жыйынында Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнүн талабын Анкара кандай аткарып жатканына өз баасын берет.
XS
SM
MD
LG