Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Бүгүн АКШнын коргоо министри Өзбекстанга барат


ТАШКЕН. Бүгүн АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Өзбекстанга барат. Бул анын акыркы 2 жылда Өзбекстанга жасаган үчүнчү сапары. Ташкенде Рамсфелд президент Ислам Каримов менен жолугуп, Борбор Азия аймагындагы, өзгөчө Ооганстандагы абал жана америка-өзбек мамилелери тууралуу пикир алмашат. Өзбек бийлиги Ханабаддагы авиабазаны АКШга аскердик база катары берүүгө ниеттенип келет.
Эларалык бир катар укук коргоочу уюмдар Өзбекстанга сапары алдында Дональд Рамсфелдге бул өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына байланыштуу Өзбекстан бийлигине таасир көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. АКШнын коргоо министринин сапары Өзбекстандан кийин эртең – шаршембиде Казакстанда, бейшембиде болсо Ооганстанда уланмакчы.

XS
SM
MD
LG