Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Орус президенти Путин өлкөнүн бүткүл өкмөтүн кызматтан алды

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн премьер-министр Михаил Касьяновду жана бүткүл өкмөттү кызматтан алды. Анткен менен Путиндин айтымында, Касьяновдун өкмөтү жакшы эле иштеген: "Бул чечимдин өкмөттүн ишине кандайдыр бир баа берүү менен байланышы жок, анын иши жалпысынан жакшы эле болчу. Бул чечим - 14-марттан кийин Орусиянын өнүгүү багыты кандай болууга тийиш экенин мен үчүн дагы бир жолу тактап алууга керек болгону менен гана байланыштуу". Премьердин милдетин аткаруучу болуп мурда вице-премьер болуп иштеген Виктор Христенко дайындалды. Орус конституциясы боюнча, премьерликке жаңы талапкер парламентке эки аптанын ичинде сунуш кылынууга тийиш.
XS
SM
MD
LG