БИШКЕК. 2003-жылдын декабрь айына карата Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмү 1 миллиард 726 миллон долларды түздү. Өткөн жылы кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк донор уюмдар менен 2 миллион 593 миң долларлык 115 кредиттик келишимдерге кол койгон. Бүгүнкү күнгө чейин ал акчанын 1 миллион 897 миң доллары өздөштүрүлдү. Жалпысынан 1992-2003-жылдар аралыгында кыргыз өкмөтү 327 миллион доллар тышкы карыз төлөгөн. Мындай маалымат бүгүн Каржы министрлигинин маалымат кызматынан алынды.