Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

Укук коргоочу АКШ бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. «Кыргызстанда эң башкы коррупционер - мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын үй-бүлөө мүчөлөрү. Анткени, соңку жылдары Аскар Акаев баш болгон айрым жогорку бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын алтын байлыгын өз кызыкчылыгына сатып гана тим болбостон, чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген 2 миллиард доллар финансылык жана 2 миллиард доллар гуманитардык жардамды жең ичинен жеп жоготушту. Ошондуктан, учурда Аскар Акаев келечекте да бийликте кантип калуунун амалын издөөдө». Мындай маалыматты учурда Венада жашаган укук коргоочу Рамазан Дырылдаев 11-февралдан 20-февралга чейин АКШда иш сапарда болгон учурда, Эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюмунун, АКШнын мамлекеттик департаментинин жана конгресстин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлдөрү менен жолугушканда билдирген. «Мен жогоруда айткандардымды жетишээрлик фактылар менен далилдөөгө аракет жасадым», - деп кошумчалады Рамазан Дырылдаев бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде. Укук коргоочунун жогорудагыдай пикирине Кыргызстандын аткаруу бийлик өкүлдөрү макул эмес. Алардын бири-Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун пикиринде, Рамазан Дырылдаев Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрүн жамандоо менен чет өлкөдө өз жанын багып жүрөт.

XS
SM
MD
LG