Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Июнда БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы жаңы программасы бекитилет


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жыйында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча 2005-2010-жылдардын аралыгында уюм тарабынан каржылана турган жаңы программа талкууланды. Бул программа кыргыз өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан иштелип чыккан. Анда стратегиялык багыттар катары өлкөдө кедейчиликти кыскартуу, демократиялык башкарууну колдоо, адамдын коопсуздугун бекемдөө жана регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү белгиленген. Программага жалпысынан 50 млнго жакын АКШ доллары бөлүнөт. Кыргызстанды өнүктүрүү программасы Бириккен Улуттар уюмунун башкы көңсеси тарабынан ушул жылдын июнь айында бекитилиши күтүлүүдө. Бул жөнүндө бүгүн Уюмдун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсесинен маалымдашты.

XS
SM
MD
LG