"Бирлик" партиясынын өкүлдөрү Ташкенде жыйын өткөрүп, өкмөт партияга террордук топтор менен байланышы бар деген айып тагуунун айла-амалын издеп жаткандыгын белгилешти. "Бирликтин" мүчөсү Муйдинжон Курбанов 16-февралда Жизакта камакка алынып, ага "маң заттарын, курал жана тыюу салынган диний адабиятты сактаган" деген айып тагылган эле.
Курбановдун адвокаты Рухидин Комилов мындай деди:
- Биз эки күн бою Курбановго жолуга алган жокпуз. 20-февралда гана прокурорго даттанганда, ага жолугушууга уруксат беришти. Курбанов бизге билдиргендей, милиция "аялыңды кармап келебиз, өзүңдү жалгыз отурган камерага камайбыз" деп коркуткандан кийин, коюлган айыптарды мойнуна алуудан башка аргасы калган эмес.