АКШнын бийликтери биринчи ирет ушундай кадамга барышты. Усама бин Ладендин жакын жардамчылары болгон делинген судандык жана йемендик туткунга караөзгөйлүк менен атайын аскери кылмыш жасаганы үчүн айып коюлду. Иш аскери трибуналда каралат. Эгер айыпкерлердин күнөөсү далилденсе, алар өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн.