Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

КЫРГЫЗ СПОРТУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ


Ар жыл сайын ийгиликтерине жараша 10 мыкты спортчуну, 5 мыкты машыктыруучуну жана 3 журналистти аныктоо салтка айланып калган. Өлкөнүн өткөн жылдын мыктыларына урмат-сый көрсөтүү салтанаты 25-февралда баш калаадагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Салтанатка өлкөнүн Жогорку Кеңешинин эки палатасынын депутаттары, учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулар, ардагерлер, спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Өткөн жылдагы спортчулардын ийгиликтерин чагылдырган баяндама көрсөтүлдү. 2003-жылы эларалык мелдештерде, дүйнө, Азия чемпионаттарында кыргызстандыктар 134 байге жеңип келишкен. Экономикалык кыйынчылыктарга карабай спорттун 34 түрү боюнча өлкөнүн биринчиликтери өткөрүлгөн. Кыргыз жергесинде өткөн жылы эларалык 19 мелдеш болуп, Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын командалары келишкен. Өлкөнүн спортчулары Афины олимпиадасына азырынча 12 жолдомо жеңип алышкан.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жылдын мыкты спортчулары деген сыйлыкка: оор атлетчи, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Улан Молдодосов, эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афины олимпиадасына жолдомо алган Надырбек уулу Улан, грек-рим күрөшүнүн балбандары Уран Калилов менен Данияр Көбөнов, жеңил атлетчи-марафончулар Ирина Богачева менен Азия чемпиондору Татьяна Борисова, Татьяна Ефименко, самбо күрөшүнөн дүйнө биринчилигинде коло байге уткан Буржан Исхаков, велоспорттон дүйнө чемпиону болгон Евгений Ваккер жана көк бөрү оюну боюнча өлкөнүн чемпиону Эсенгул Муратов татыктуу болушту.

Афины олимпиадасына жолдомо алган Азия чемпиону, жаштар арасында эки жолку дүйнө чемпиону жана өткөн жылдын мыкты спортчусу аталган Уран Калиловдун ою мындай:

- Он бир жыл удаасы менен жылдын мыкты спортчусу аталып келатам. Сидней олимпиадасына да катышып, бирок, анда жаштык кылдым окшойт. Афины олимпиадасына да жолдомо утуп алдым. Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам, олимпиадалык байгеге илинсем деген тилек менен машыгып, даярданып жатам.

Ал эми жылдын мыктысы аталган дагы бир спортчу, эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афины олимпиадалык таймашында Кыргыстандын намысын коргой турган Надырбек уулу Улан өзүнүн даярдыгы тууралуу мыйндай пикирде:

- Мындай дүйнөлүк күч сынашууга 3-4 жыл үзгүлтүксүз даярдануу зарыл. Эми олимпиадага чейин дагы 3-4 эларалык мелдештерге барып, чеберчиликти жогорулатуу, атаандаштарды байкап көрүү керек. Жакын арада Түркияда мелдеш болот. Андан кийин Иранда Азия чемпионатына баруу зарыл. Орусиядагы эларалык трунирлерге да барууну байкаштырып жатабыз.

"Жылдын мыкты спортчулары" аталган жөө күлүктөр Афины олимпиадасында кандай ийгиликтерге жетиши мүмкүн деген суроого Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаров мындай баа берди:

- Афины олимпиадалык марафондук жарышта Ирина Богачева алдыңкы 10 спортчунун катарына кириши мүмкүн. Бирок байгелүү орунду камсыз кылат деп айта албайм. Себеби, жакында эле Лондондогу марафондук таймашта кыз-келиндер 2 саат 15 минута чуркап, мыкты көрсөткүчтөрдү жаратышты. Ал эми биздин Ирина болсо бул аралыкты 2 саат 28 минутада чуркап келип жүрөт. Баш байгени мындай коюп, экинчи, үчунчү орундарга илиниши кыйын го, аны мелдеш көрсөтөт.

Жылдын мыкты спортчулары спорттун олимпиадалык түрүнөн гана аныкталып, улуттук спортко анча көңүл бөлүнбөй жатат. Бул тууралуу “Заман Кыргызстан” басылмасынын спорт боюнча баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай дейт:

- Спорттун класикалык, олимпиадалык түрүнө көбүрөөк басым жасалып, улуттук спорт түрлөрүнөн да мыктыларды аныктоого көңүл бурулбай калууда. Эмне үчүн Нооруз майрамында спорттун улуттук түрлөрүнөн мыктыларды аныктап, ушундай сый-урмат көрсөтө албайбыз? Жылдын мыкты саяпкери, улуттук күрөштүн балбанын, тогуз коргоолчуну, ордочуну, көкбөрүчүсүн, оодарышчысын жана чабандесин аныктасак, улуттук оюндардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот эле.

Спорттук салтанатта өткөн жылы шакирттери ийгиликке жеткен 5 мыкты машыктыруучулардын ысымдары да аныкталып, аларга сертификат жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Алар: жеңил атлетикадан Татьяна Борисованы таптаган апасы Рима Борисова, грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов, самбо боюнча улук устат Артур Сон, көк бөрү боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматов жана оор атлетикадан өлкөнүн улук устаты Үсөн Майназаров.

Спорт журналисттеринен өткөн жылдын мыктылары деп “МСН” басылмасынын баяндамачысы Александр Никитенко, “НБТ” телекомпаниясынын кабарчысы Тахир Гафуров жана “Туңгуч” театрынын артиси, көк бөрү оюнунун баяндамачысы Асылбек Өзүбеков табылып, сыйлыктардын ээси болушту.

Өлкөнүн сууда сүзүү федерациясынын жетекчиси Генрих Балян менен грек-рим күрөшү федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев мыкты меценаттар деген сыйлык алышты. Майрамдык маанай тартуулаган ыр-күү жаңырып, спорттук көрсөтмөлүү оюндар аткарылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG