Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

УКУК КОРГООЧУЛАР АКШнын КОРГОО МИНИСТРИНЕН ӨЗБЕКСТАНГА АДАМ УКУКТАРЫН САКТОО ЖААТЫНДА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШАТ


Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Бүгүн (шейшембиде) АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд иш сапары менен Өзбекстанга келди. Ал президент Ислам Каримов менен аймактык коопсуздук жана эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Эл аралык “Хюман Райт Уотч” адам укуктарын коргоо уюму Рамсфелддин Өзбекстанга жасаган иш-сапарына байланыштуу алдын-ала билдирүү таркатты. Билдирүүдө АКШнын коргоо министри Өзбек өкмөтүнөн адам укуктарынын абалын жакшыртууну талап кылууга тийиш деп баса айтылат.

“Хюман Райт Уотчтун” Вашингтондогу өкүлү Том Малиновскийдин айтымында, Өзбек өкмөтү өзүн террорчулукка каршы күрөшүүдө АКШнын шериги катары көрсөтө алды. Ошондуктан, Доналд Рамсфелд Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго чыныгы шериктештер мыйзам чегинде гана аракеттенүүгө тийиш жана алар карапайым калктын ой-пикирлерин, суроо-талаптарын эркин билдирүүлөрүнө тоскоол болбошу керек деп айтса алгылыктуу болоор эле, - дейт Малиновский.

Аны кесиптеши Жан-Пол Мартоз да колдоого алат. “Азаттык” үчүн курган маегинде Мартоз мырза уюмдун Рамсфелдге даректелген талаптары тууралуу мындай деп айтты:

- Биз Доналд Рамсфелддин президент Каримовго өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы кырдаалды жакшыртуусун кескин талап кылуусун каалаар элек. Биздин ишенимибизде, Коргоо министрлиги – Пентагон менен өткөн аптада АКШнын тышкы иштер министрлиги – Мамлекеттик департамент тарабынан Ташкенге карата айтылган сөздөр бири-бирине кайчы келип жатат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террорчулардын АКШга каршы чабуулунан кийин көп узабай Буштун өкмөтү Өзбекстанда жана коңшу Кыргызстанда аскердик аба базасын түзүп, Ооганстанда анти-террордук аракеттерин жанданткан.

Ошондой эле расмий Вашингтон Өзбек өкмөтүнө мурдагыдан да алда канча көп көмөк көрсөтө баштады. Бирок өткөн айда АКШнын мамлекеттик департаменти жапырт кыргын куралдарын жайылтпоо жаатындагы көмөк программасынын алкагында атайын чечим кабыл алып, Өзбекстанга жардам берүүнү токтотту.

Аталган программа мурдагы советтик жумурияттарга өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдарды жайылтпастан, аларды жок кылууга жардамдашат. Бирок Өзбекстан АКШдан башка программалар боюнча ар кыл жардамды дагы эле алууда. Ошентсе да, Америка Кошмо Штаттары Өзбекстанга жапырт кыргын куралдарын жайылтпоо жаатындагы көмөк программасынын алкагындагы жардамын кыскарткандыгы менен бул өлкөдөгү адам укуктарынын акыбалына карата расмий мамилени кандайдыр-бир деңгээлде жактабай тургандыгына ишаара кылды.

Айрым расмий маалыматтарга караганда, ушул жылдын жаз айларынын аягында Буштун өкмөтү Өзбекстанга кеңири жайыкта жардам көрсөтүү, же көрсөтпөө керектиги жөнүндөгү маселени чечүүгө тийиш. Ошондой эле мындай катуу чечим кабыл алынса, анда Өзбекстанга АКШдан келген тикелей жардамдардын дээрлик баары токтоп калышы мүмкүн.

“Хюман Райт Уотчтун” Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Рейчел Денбердин айтымында, АКШнын ушул жаздын аягында чыгаруучу чечимине чейин Өзбек өкмөтүнүн абалды жакшыртуу үчүн убактысы бар. Ошондой эле Рамсфелд Каримов менен жолуккан учурунда Пентагондун жардам берүү программасы токтоп калышы ыктымал деп эскертип айтууга тийиш, - дейт Денбер.

“Хюман райтс уотчтун” бул өкүлүнүн пикиринде, Доналд Рамсфелд мурдагы советтик жумурияттардагы, маселен, Азербайжандагы саясий окуяларга карата өз сын пикирин кескин айта алган эмес. Атап айтканда, Рамсфелд Бакуга президенттик шайлоо өткөндөн кийин бир жарым айдан кийин барган. Азербайжанда президенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар жана оппозицияны куугунтуктоолор менен өткөндүгү белгилүү. Бирок Рамсфелд Азербайжандын жаңы президенти Илхом Алиевди куттуктап, “бул өлкөдө шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгонбу?” деген суроону айланып өткөн.

Ушул тапта коомчулук Рамсфелддин Өзбекстанга жасаган акыркы эки жыл ичиндеги үчүнчү жолку иш-сапарына өзгөчө маани берүүдө. “Өзбек өкмөтүнүн адам укуктары боюнча жүргүзгөн саясаты туура эмес деп ал айта алабы? Рамсфелд бул саясат өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутушу мүмкүн деп Ташкенди эскерте алабы? Же өлкөдөгү кыйноолор менен куугунтуктоолорго көз жумду мамиле кылып, кайра эле унчукпай кете береби?” – деп суроо салат Денбер.

Айтмакчы, Рамсфелддин иш сапарынын алдында расмий Ташкен 62 жашар Фатима Мукадырова айымды абактан бошотту. Өткөн аптада ал тыйуу салынган мусулман партиясынын баракчаларын таркаткан деген доо боюнча алты жылга абакка кесилген.

Өзбек тышкы иштер министри Садык Сафаев өткөн ишембиде “Ассошиейтед пресс” агенттиги үчүн маек куруп, Ооганстандагы террорчулукка каршы иш-аракет бүтө элек чакта, АКШ аскерлери Өзбекстанда каалашынча мөөнөткө жайгашып кала алат деп айткан.

XS
SM
MD
LG