Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Таласта балдардын укугун коргоого көңүл бура башташты


ТАЛАС. Кыргыз Республикасы «Балдардын укуктары жөнүндө» конвенцияга кол коюп, Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун колдоосу менен "Жаңы муун" деп аталган мамлекеттик программаны ишке ашырып келүүдө. Ушул маселени талкуулого арналган «Тегерек үстөл» жыйыны Таластагы Бизнес борбордо өттү. Талкуунун жүрүшүндө маалым болгондой, Талас облусунда балдардын эмгегин эксплуатациялоо, аларды билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу, ооруп калганда толук кандуу дарыланууну камсыз кыла албоо сыяктуу укук бузуулар толук четтетиле электиги айтылды. Мындай кыйынчылыкка биринчи кезекте айылдык ата-энелердин экономикалык кыйынчылыктан чыга албай жаткандыгы башкы себеп болууда. Жыйында ушул маселелерди акырындап колго алуу жагы айтылды.

XS
SM
MD
LG