ОШ. Мамлекеттик катчы оболу Ойтал кыштагындагы жакында толук өрттөнүп кеткен Ойтал орто мектебинде, Канкоргон кыштагындагы бир корпусу өрттөнүп кеткен Жусуп Мамыр атындагы орто мектепте болду. Эки мектеп имаратын тең Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин күчү менен үстүбүздөгү жылы калыбына келтирүүгө аракет кылаарын билдирди. Ошол Ойтал, Канкоргон, Көгарт кыштактарындагы эл менен жолугушууларда эң көйгөй маселе Каракулжа-Алайку жолун оңдоп-түзөө экени белгиленди. Мамлекеттик катчы бул маселени өкмөт алдына коерун, жер көчкү коркунучунда турган үй-бүлөлөргө ссуда бөлүштүрүүгө, айрым мектептердин, клубдардын чатырларын оңдоого, телефондорду көбөйтүүгө, гезит, журналдар менен элдин камсыз болушун шарттоого жардам берерин айтты.