Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Алматыда Евроазия экономикалык биримдигинин жыйыны өттү


Уюмга кирген беш өлкөнүн өкмөт башчылары 2006-жылы бажы союзун түзүүнү макулдашты. Мындан тышкары дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселеси каралды. Казакстандын премьер-министри Даниал Ахметов бул маселеде биримдиктин мүчөлөрү биргелешип аракеттене тургандыгын белгиледи. ЕвраАзЭске Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынган, калгандары азыр уюм менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат. Алматыдагы жыйынга Армениянын, Молдованын жана Украинанын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

XS
SM
MD
LG