Индиянын түндүгүндөгү Уттаранча провинциясында бүгүн эртең менен болгон кырсыктан 28 адам набыт кетти. Найнитал аттуу туристтик шаардын алдында бир автобус жолдон чыгып кетип, тереңдиги 150 метр келген капчыгайга кулаган. Өлгөндөрдүн арасында үч аял жана бир жаш бала бар.